Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 420

Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Бахтиёр Саидовдун Бишкектеги жолугушуусунда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын даярдалышы боюнча макулдашуулар түзүлдү.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, тараптар 2025-2026-жылдарга багытталган кызматташуу программасын жана Жол картаны бекитти. Мындан тышкары, эки өлкө БУУ, КМШ, ШКУ, ТМУ, ИКУ сыяктуу эл аралык уюмдарда да тыгыз өнөктөштүктү улантууну макулдашты.

Бул сапар эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана регионалдык интеграцияны күчөтүүгө чоң салым кошот.

Булак: koom.press