Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 409

Данияр Иманалиев ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри болуп дайындалды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, чечим 27-июнда өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеште кабыл алынган.

Данияр Иманалиев жетекчилик кызматтарда иштеген тажрыйбалуу адис. Ал 2021-жылы Кыргызстандын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары болгон.

Акыркы төрт жылда ЕЭКтин Бажы инфраструктурасы департаментинин директору болуп келген.

ЕЭК — Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) аткаруучу органы болуп эсептелет.

Булак: Спутник