Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 423

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 24-26-июль күндөрү Орусиянын Алтай Республикасында өтө турган Эл аралык экологиялык конференцияга катышат.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Касымалиев Тоолуу-Алтай шаарындагы пленардык жыйынга катышып, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшү боюнча сөз сүйлөйт.

Иш-чарага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын расмий өкүлдөрү чакырылган. Форумдун алкагында глобалдык суу балансы, экотуризмди өнүктүрүү, климаттык коопсуздук сыяктуу маанилүү темалар талкууланат.

Мындан сырткары, тематикалык сессияларда эксперттер арасында тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жолдору каралат.

Булак: koom.press