Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 373

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүндө кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Сейитказиев Алтынбек Курбанбекович президенттин Баткен облусундагы өкүлүчүлүгүнүн аппарат жетекчиси кызмат ордуна дайындалды.

Ал эми Ысмайылов Сабырбек Маликович өкүлчүлүк аппаратынын Уюштуруу-инспектордук, кадр иштери жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна дайындалды.

Тиешелүү буйруктарга ыйгарым укуктуу өкүл Айбек Шаменов кол койду.

Булак: Кабар