Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 467

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев алдыдагы президенттик жана парламенттик шайлоолорго катышпай турганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-июлда Бишкектин Новопавловка айыл өкмөтүнө болгон сапары учурунда айтты.

Ташиев өз сөзүндө анын аймактардагы ишмердүүлүгүн шайлоого даярдык катары кабыл алып жаткандарга жооп кайтарды.

"Мен бул жерге жөн эле бирөөгө көрүнөйүн деп келгеним жок. Президентибиздин тапшырмасын аткарып жүрөм. Кээ бирлери 'шайлоого даярданып жатат' деп айтып жатышат. Мен дагы бир жолу кайталап айтам: мага эч кандай шайлоонун кереги жок", — деди ал.

Белгилей кетсек, бул Ташиевдин шайлоого барбай турганын ачык билдириши биринчи жолу эмес. 2023-жылдын 17-декабрында да ал маалымат жыйын учурунда ушундай эле билдирүү жасаган болчу.

Булак: koom.press