Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 191
518255160_18012681785754127_5256706715610819357_n (1).jpg

Данияр Косумбаев Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Маалыматка караганда, ал өткөн жылдын октябрынан бери фондду жетектеп келген Кылычбек Рысалиевдин ордуна келген.

Данияр Косумбаев билими боюнча экономист президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган.

Ал буга чейин “Кыргызтелеком” ААК башкармалыгынын төрагасы, эл аралык IT-компаниялардын (RITE, Bars Group ж.б.) ишенимдүү өкүлү, Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы болуп, ошондой эле Жогорку Кеңеште жана Бишкек шаарынын мэриясында иштеген.

Булак: Кабар