Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 235

Казакстандын премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу иш сапары менен Кыргызстанга келди.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, ал Ысык-Көлдө тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы астында өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышат.