Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 435

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Лавров 29-30-июнда президент Садыр Жапаров жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугат. Ошондой эле ал Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Лавровду аэропорттон Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысынын орун басары Алмаз Имангазиев жана Россиянын элчиси Сергей Вакунов тосуп алды.