Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 424

 

Каныбек Адиев

Адиев Каныбек Маматбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды.

Ал тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду, деп билдирди басма сөз кызматы.

К.Адиев буга чейин Түп районунун акими кызматында болчу.

Ал эми Караколдун мэри болуп эмгектенип жаткан Тимур Мадяров Түп районунун мамлекеттик администрация башчысы — аким болуп дайындалды.