Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 262

 

Садыр Жапаров БелЭКСПО Минск эл аралык көргөзмө борборуна барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-июнда, Беларусь Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Минск шаарындагы Минск эл аралык көргөзмө борборун кыдырууга катышты.

Мамлекет башчысы Беларуста иштелип чыккан жана колдонулган аскердик, атайын жана өнөр жай техникалары менен таанышты.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуучу-өлкө лидерлери жүк көтөрүмдүүлүгү 450 тонна болгон жүгүн автоматтык түрдө түшүрүүчү БелАЗ-75710 карьердик унаасынын фонунда биргелешип сүрөткө түшүштү.