Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 222

23-25-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Тяньцзинь шаарына иш сапары менен барат.

Министрлер кабинетинин төрагасы “Жайкы Давос -2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышат. 

Форум “Жаңы доордогу ишкердик” деген ураан астында өткөрүлө, ага дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөнүн жана аймактарынан 2 миңге жакын катышуучу келет.

Иш сапарынын алкагында минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин жетекчилиги жана чет элдик делегациялардын башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.