Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 553
Адылбек Касымалиев Өзбекстанга иш сапары менен барат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эртең, 10-июнда Өзбекстандын Ташкент шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. 

Анда айтылгандай, иш сапардын алкагында минкаб башчысы Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышат. Ошондой эле бир катар объектилерди көрүп, эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.