
--Исмаил аке, сөзүбүздү кыргыз-тажик чек арасынын чечилиши боюнча баштасакпы дейм. Эки тарап мунаска келип, келишимдер парламенттер аркылуу ратификацияланып, президенттерибиз кол коюшуп, мыйзамдар күчүнө кирди, аны элибиздин басымдуу көпчүлүгү колдоого алышып, туура чечилди дешип айтышууда. Сиз чек ара маселеси боюнча дайыма так жана ачык пикириңизди айтып жүргөн саясатчы катары жер алмашуулар боюнча эмне дейт элеңиз? Аны мыйзам ченемдүү көрүнүш катары карасак болобу?
--Окурмандарыбызрга түшүнүктүү болушу үчүн жерлерди алмашууга бара турган жагдайларга жана шарттарга токтогончо айтып берейин. Албетте, жер алмашуу мыйзамдуу дагы, нормалдуу дагы көрүнөш, ал эми жерлери алмашылган жарандар үчүн мындай көрүнүш өтө оор маселе. Өзүң ойлоп көрбөйсүңбү? Ошол жерде мурда ата-бабалары, анан өздөрү жашап, акыркы жылдардагы чек арада болгон конфликтерден жабыр тартып, кыйналып-кысталып, кайрадан жашоо тиричиликтерин эми оңдоп жашай баштаган учурда үйүн-жерин которуп, башка жакка көчүүгө макул болуп, нааразычылыктарын сыртка чыгарбай ынанганы менен алардын ички сезимдериндеки “кайнап жаткан” ар кандай ойлорду, бушаймандыктарды жана жүрөктөрүнүн сыздаган акыбалын биз түшүнүшүбүз керек. Мындай иш-чара алар үчүн өтө оор иш. Ошондуктан, алардын жүрөгүндөгү “кайнаган” сезимдерин, ойлорун, ызааларын жана жеке нааразычылыктарын (эгерде ошондой болсо) кабыл алып, андайларга басым жасабай кайрадан, аларга кылдат жана аяр мамиле жасап, анын зарылчылыгын, максатын, мамлекет үчүн алып келе турган пайдасын түшүндүрүү зарыл. Албетте, бул маселенин бир жагы.
Маселенин экинчи жагы мамлекеттин кызыкчылыгын коргоодо экинчи тараптын макулдугу менен жерлерди алмашууга бара турган жагдайлар жана шарттар. Тилекке каршы, дал ушул экинчи жагына биздин жарандардын кандайдыр бир катмары, анчейин маани бербейт, көңүл дагы бурбайт, кайрадан жеке кызыкчылыктарга көбүрөөк басым жасап, нааразы болот, анан түшүнүп түшүнбөй ар кандай ойлорду айтышат. Бул, адамзат үчүн табигый көрүнүш. Муну да кабыл алышыбыз керек. Бирок, өзүң ойлоп көрбөйсүңбү, ким жөн эле жерден “антели же минтели” деп жерлерди алмашууга барат? А эгерде биринчи тарап “келгиле бул же тигил жерлерди алмашалы” деген күндө дагы, экинчи тарап ага макул болбосо андай аркеттер, андай ойлор, каалоолор жана максаттар такыр ишке ашпайт. Муну биз так билишибиз керек. Ошондуктан, мындай иш-чараларды бир тараптуу кароо же аткарылган ишке бир тараптуу баа берүү дегеле туура эмес.
Өзү чек ара маселелерин чечип жатканда жерлер, кандай жагдайда же шартта, качан алмаштырылат? Жерлер качан мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу зарылчылыгы болгондо, мамлекеттин кызыкчылыктарын сактоодо, айлана-чөйрөнү коргоодо, өлкөнүн экономикалык жана чек арада жашаган элдердин социалдык проблемаларын чечүүдө, айылдын башка айылдар менен байланыштыра турган жана жашаган элге ыңгайлуу инфраструктураны түзүүдө. Ошону менен бирге, эгерде чек араны коопту жана ыңгайлуу коргоо же кайтаруу керек болгон учурда жана эки тарап кандайдыр бир чек арадагы жерлерди биргелешип колдонууга муктаж болушканда. Мына дал ушул тизмеленген жагдайлар жана шарттардын негизинде ошол жердеги жашаган тургундарыбыздын жеке кызыкчылыктарынан, мамлекететтин кызыкчылыгы жогору коюлуп, экономикалык жана элдин социалдык маселерин туура чечүү, алардын жашоо турмушуна жакшы инфраструктаны түзүү жана чек араны ыңгайлуу коргоо үчүн экинчи тараптын макулдугу менен алмашуулар болуп, чек ара маселеси чечилди. Бул абдан жакшы жана тарыхий көрүнүш. Мындан ары тажик эли менен кылымдар боюу тынчтыкта, достукта жана ынтымакта кандай жашап келсек, дал ошондой жашаганга шарт түзүлүп, жол ачылды. Бул биздин жетекчилердин эмгеги. Буйурса, демаркация иштери бүтүп, жарандарыбыз жаңы жердеги инфраструктурасы жакшы жана ыңгайлуу салынган үйлөрдө жашап, коопсуздуктары камсыз кылынгандарын жана социалдык проблемалары чечилгендерин көрүшкөндө, мамлекет жетекчилерибиздин ушул багытта аткарган иштерин жана эмгектерин баалашып, ыраазы болушат. Бул боло турган иш. Буга далил катары “Барак” айылынын чечилишин айтсак болот.
-- Чек аралар чечилбей, отуз жыл бою илең-салаң болуп келиши мурдагы президенттердин күнөөсү болдубу?
-- Чек ара маселеси чечилбей анын илең-салаң болуп келишине мурдагы президенттер күнөөлү дегенден, маселени ичинен билген жана алардын кемчиликтерин беттерине айтып, туура жолду көрсөтүүгө аракет кылган саясатчы катары айткандан алысмын. Алар дагы өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жана шарттарына жараша чек ара маселесин чечүүгө аракет кылышып келишкен.
-- Анда эмне үчүн отуз жыл бою бул маселе чечилбей келди?
-- Маселенин чечилбей, созулуп келишинин объективдүү жана субъективдүү себептери бар. Биринчиден, мурдагы мамлекеттик бийлик системасындагы президенттердин жана өкмөттөрдүн ыйгарым укуктары азыркы президенттин жана министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарынан айрымаланып, маселенин созулушуна кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизип келген. Экинчиден, тажик тарап биздин президенттердин жана өкмөттүн ыйгарым укуктарын жана алардын чек арага болгон мамилелерин жакшы билишип, түшүнүшүп, өздөрүнүн кызыкчылыктарын ишке ашыруу жана көздөгөн максаттарына жетүү үчүн ар кандай шылтоолор, негизсиз дооматтар жана шантаждоо үчүн конфликт чыгаруу жолдору менен маселени атайлап созушканы болгон. Үчүнчүдөн, тажик тарап Алай жана Чоң Алай райондору менен чектеш Мургаб жана Жерге-Тал райондорунун чек арасын 1991-1994-жылдардакы эл аралык мыйзамдаштырылган келишимдердин негизинде “Суудан тынч, чөптөн ылдый” дегендей мамиле кылышып, делимитацияга барышканы менен Баткен, Лейлек райондорунда жана Ворух тарапта 1924-1927 жылкы паритеттүү комиссиялардын мыйзамдаштырылбаган материалдарынын негизинде кароону талап кылып, маалымат майданында биздин жана өздөрүнүн элдеринин аң сезимдерине “Ворух анклав эмес” деген пикирди сиңдирүүгө аракет кылышып, маселени андан да терең ырбатууга жана сүйлөшүү процессин созууга барышканы болгон. Мына ушулардын алкагында эки тараптуу комиссиялар айлап-жылдап иштеп, макулдашып, протоколдорго кол коюшуп, кээде кайрадан алардан баш тартышып, жыйынтыгында маселе бир жерде чечилсе, экинчи жеринде чечилбей, ушул убакытка чейин созулуп келгени бул, ачуу чындык.
-- Анын түпкү себеби эмнеден, окурмандарыбызга тагыраак чечмелеп берсеңиз жакшы болот эле?
-- Маселенин маңызы жана түпкү себеби так ушуда. Анткени алар элинин келечегин ойлоп, атайлап өздөрү түзгөн кырдаалдан пайдаланып Баткен тараптан жерлерди алып, анын артынан экономикалык абалдарын жакшыртып, келечекте Ворух анклавын өздөрүнүн чоң жерлерине кошуп, биздин Лейлек районун жана Баткен районун кээ бир жерлерин анклавга айлантып, бизге кысым кыла турган рычагын түзүү менен, саны өсүп жаткан элин жер менен камсыз кылуу болгон. Мисалы, 1980-жылы алардын элинин саны 3,9 миллионду түзсө, биздики 3,6 миллионду түзгөн, айрымасы аз эле бүгүн алар, 11 миллиондон ашуун, биз 7 млн элбиз. Алар ошол жылдан бери 7 миллиондон ашуун көбөйсө, биз болгону 3.4 миллионго көбөйдүк. Мунун артында жер маселеси, үй масалеси, жумуш маселеси жана башка толгон токой маселелер турат. Аларды чечиш керекпи? Кантип? Ошондуктан, жогоруда айтылгандай, Алай жана Чоң-Алай тарапта бир башка, ал эми Баткен тарапта экинчи башка документтердин негизинде иштөөнү талап кылып келишкен.
Ошентип, алар мурунку бийликтин баштарын кантип айлантып, керек болсо чатак чыгаруу жолу менен шантаж кылып убакытты созуп жүрүшсө, азыркы биздин бийликти да дал ошондой жолдор менен өздөрүнүн максаттарына жетүү үчүн эки жолу чек ара конфлигин чыгарганга жетишишти, мыйзамдаштырылбаган комиссиялардын документтери менен иштөөнү талап кылышты. Албетте, президент С.Жапаров мырза менен УКМКнын төрагасы К.Ташиев мырза алардын “баш айлантмаларына” мурункулардай кабылган жок, кайрадан 2022-жылкы 14-19-сентябрдагы конфликте адекваттуу жана катуу сокку беришип, “керек болсо 1925-жылы 2-майда биздин ошондогу жетекчилерибиздин каршылыгына карабай берилип кеткен Мургаб районун кийин, Жерге-Тал районун кайтарып алабыз” деп чечкиндүүлүктү жана эрктүүлүктү көрсөтүп, аларды мыйзамдаштырылган 1991-1994-жылдардагы эл аралык келишимдердин негизинде иш алып баруга мажбур кылышып, чек ара маселесине чекит коюшту. Анын жыйынтыгында: Биринчиден, Ворухтун анкалав экендигине аларды макул кылышып, мыйзам менен бекиткенге жетишишти. Экинчиден, Лейлек районун жана Баткен районун кээ бир жерлерин алар эңсегендей келечекте анклав кылганга жол беришкен жок. Үчүнчүдөн, келишимди Ратификациядан өткөрүшүп, Кыргызстанды чек ара маселеси толук чечилген өлкөгө айлантышып, отуз жылдан ашуунку сүйлөшүү процессине чекит коюшту. Албетте муну чоң ийгилик катары баалашыбыз зарыл.
-- Күч түзүмдөрүнө өзгөчө көңүл бөлүнүп, курал-жарактар сатып алынганы, айлык маяналар көбөйгөнү айтылып келет. Буга кандай баа бересиз?
-- Байыркы замандарда эле акылмандар, “Тынчтыкты кааласаң согушка даярдан” деп айтып келишкен. Ал эми акылман падышалар элин, жерин жана мекенин коргоо үчүн жоокерлерин жакшы куралдандырып, ар кандай машыгуулар менен алардын даярдыктарын күчөтүп, жашоо шарттарын жакшыртып, кол салган душмандарынын сазайын берип килейген империяларды түзүшкөн. Аны тарых тастыктаганын баарыбыз жакшы билебиз.
Биздин мамлекет башчылар да ушул принципте элибиздин тынчтыкта жашоосу үчүн, өзүң айткандай күч түзүмдөрүнө курал-жарактарды жана техникаларды сатып беришип, жашоо шарттарын жакшыртып, айлык маяналарын көбөйтүп жатышат. Албетте, бул элибиз жана мамлекетибиз үчүн, жакшы иш жана баарыбыздын колдообузга татыктуу. Ошону менен бирге анын экинчи жагына тагыраак айтканда, кадр маселесине, жоокерлерди, резервдерди жана күч түзүмдөрүнүн кызматчыларын учурдун талабына ылайык даярдоого көңүл буруу зарылчылыгын да эстен чыгарбоо керек. Анткени, Оруссия менен Украинанын ортосундагы “чатак” көрсөткөндөй, согуш жүргүзүү жолдору, курал-жарак жана техникаларды колдонуу түп тамыры менен өзгөрүлдү. Ага, тез өсүп жаткан илимий-техникалык прогресс болуп көрбөгөндөй таасирин тийгизди. Ошондуктан, биз дагы алардан сабак алып, мурунку курал-жарак жана техникаларга багытталган доктринабызды жана түзүмдөрдүн түзүлүшүн карап чыгып, жогоруда айтып кеткен экинчи жактын үстүнөн иштешибиздин керектиги бүгүнкү күндүн талабы.
-- Дагы бир маселени сурай кетейин, эгемендүүлүк алгандан кийинки жылдарда кылмыш дүйнөсү өзүнчө империя түзүп, мамлекетти чырмооктой чырмап алганын билебиз. Акыркы мезгилдеги күрөш жыйынтыгын бердиби?
-- Туура айтасың алар империя эле эмес, мамлекеттик бийликтин бутактарынын бардыгына өзгөчө, укук коргоо органдарына, сот, прокуратурасынан бери жайылып, баарыбызга маалым болгондой, кыбыр эткен маселелерге чейин кирише башташкан. Ошонун кесепетинен өлкөбүздө тартипсиздик күч алып, коррупция жана кылмыштуулук гүлдөп, экономикалык абалыбыз начарлап, кээ бир жарандарыбыз укук коргоо органдарына кайрылгандын ордуна кылмыштуу топтун өкүлдөрүнө расмий кайрылышып, маселелерин чечүү нормалдуу көрүнүш болуп калганын кимибиз жокко чыгара алабыз...
Ошондой кылмыштуулуктун империясы менен күрөшүп, мамлекеттик бийлик бутактарын алардан тазалап, тартипти орнотуп, коррупцияга бөгөт коюуда президент С.Жапаров мырза менен кабинет министрдин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы, кыргыз эл баатыры К.Ташиев мырзанын эмгектерин баса белгилеп, баалап кетишибиз керек. Алар тарыхта болбогон, мурунку президенттердин бири дагы бара албаган иштерге барышып, кылмыштуу топ менен аёосуз күрөштүн негизинде алардын тамырлары жулунуп, канаттары кыркылып, мамлекет тазаланып, бизнес чөйрөсүндөгүлөр “доляларын” бербей жеңилденишип, өлкөбүздүн туруктуу өнүгүшүнө шарт түзүлүүдө. Бул күрөштүн жыйынтыгы жана жемиши.
Бирок, биз ушуну менен күрөш бүттү, кылмыштуу топтун “таш талканы чыгып талкаланды” деп, өзүбүздү сооротпошубуз керек, анткени, аларды өнүктүрүп өстүргөн “почва” ошол бойдон калды, көнүп калган кулк- мүнөзүбүздөн арылган жокпуз, кээ бирөөлөрү подпольеге кирип кетсе, кээ бирөөлөрөрүнүн жулунган тамырларынын калдыктары калды, али да болсо бийлик бутактарына киргизилген кадрларынын беттери толук кандуу ачыла элек, алар милдеттерин дагы да аткарууда.
-- Анда күрөш дагы уланат экен да? Туурабы?
-- Туура. Анткени, жогоруда тизмеленген калдыктарды тазалоо процесси сөзсүз жүрүшү керек. Ал, бир күндүк же бир айлык же бир жылдык иш эмес, ал туруктуу улана турган иш. Орус юмористи Г. Хазанов (орусча так жана түшүнүктүү болгондуктан маанисин өзгөртпөй айтайын) “Товарищи! Раз существет МВД, значить существует и преступность. Раз существует преступность значить существует МВД...” деп, бекеринен элди күлдүрбөсө керек. Демек, УКМК менен ИИМ болгондон кийин сөзсүз кылмышкерлердин болоору шексиз жана күрөш мындан ары да улана бере турган иш....
-- Мындан ары кылмыштуу топтор баш көтөрбөшү үчүн эмнелерди жасашыбыз керек?
-- Алар баш көтөрбөс үчүн, азыркы аткарылып жаткан иштерди улантуу менен бирге буга кошумча комплекстүү иштери алып баруу зарыл. УКМК жана ИИМге ишенип жана аларга таянуу мыйзамдуу жана жакшы бирок, жетишсиз. Алар да кандайдыр бир убакта эгерде, шарт түзүлүп калса, кылмышкерлердин ордуна коомдун “өзгөчө” бир катмарын “калкалап” элибизге жана мамлекетибизге коркунучту жаратып коюшуна эч ким кепилдик бере албайт.
Ошондой болушуна жол бербес үчүн, албетте, биринчи мөөнөттө өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгүнүн өкүм сүрүшүнө жапа тырмак аракет кылып, күн баардыгына бирдей тийгендей, мыйзам, карапайым жарандардан баштап, ким болбосун баардыгына бирдей иштей турган акыбалга жетүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдаланып бирдиктүү иш алып барышыбыз зарыл.
Экинчиден, элибизди, жерибизди, Ата Мекенибизди урматтоо, чексиз сүйүү сезимдерин арттырып, жаман жолго барбоо үчүн бала-бакчадан тартып мектеп, андан кийин жогорку окуу жайларында тарбия-таалим иштерин туура нукка салуу керек. “Адамдын жакшысы-жаманы туулгандан эмес, тарбиядан” деп биздин ата-бабалар бекеринен айтып келген эмес.
Үчүнчүдөн, жарандык коом менен массалык маалымат каражаттарынын активдүү иштешине шарт түзүп, болуп жаткан мүчүлүштүктөрдөн арылышыбыз дагы өтө маанилүү. Дал ошолор кылмышкерлерди, коррупционерлерди жана мыйзамды бузган атка минерлерди ар тараптан иликтеп, ачыкка чыгарганга, курттарды тазалаган “санитар” чымчыктардай мамлекетти тазалаганга жардам беришет. Ошону менен бирге ачыктаган материалдары жана публикациялары үчүн алардын өздөрүнүн жоопкерчиликтери күчөйт, конкреттүү фактылар жана далилдер менен негиздегенге үйрөнүшөт, маалымат чөйрөсүндө атаандаштыкты жаратышып, коомдун ачык жана активдүү болушуна салымдарын кошушат. Ушуну менен биз баш мыйзамда бекитилген кээ бир нормаларды дагы бекемдейбиз. Төртүнчү, бул өтө маанилүү иш, баарыбыз эңсеген көз карандысыз сот системасын түзүү менен сот адилеттигин камсыз кылуу. Ал үчүн бир жагынан убакыт, экинчи жагынан олуттуу реформаларга баруу талап кылынат. Акыркысы кадр маселесиндеги мүчүлүштүктөрдү оңдоо менен кадрларды даярдоо процессин жакшы нукка салуу. Алардын сөзүнө эмес, аткарган иштерине баа берип, бир тепкичтен экинчиге, экинчиден үчүнчүгө көтөрө турган механизмдери ачык жана адилетттүү иштөөлөрү зарыл. Жыйынтыгында, жогоруда айтылган иштерди биргелешип аткарсак кылмыштуу топтун баш көтөрүлүшүнө жол берилбейт, коррупцияга бөгөт коюлат, өлкөбүз өнүгөт, турмуш-тиричилигибиз жакшырат, ынтымагыбыз бекемделип, өлкөбүздүн эл аралык аброю жана индекстери жогорулайт.
Канжарбек Кудайбергенов