Депутаттарга ички сапарларга жана сырткы сапар менен чет өлкөгө чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.
"Биздин 6 отурумубуз калды. Фракция лидерлери, депутаттык топтун башчылары жана комитеттин төрагалары, бардык чет өлкөлүк жана ички сапарларды токтотуңуздар. Эч кимге уруксат берилбейт. Абдан маанилүү мыйзамдар бар, биздин негизги милдет мыйзамдарды кабыл алып иштөө",- деди ал.
Ошондой эле 6 отурумдан кийин 2 айлык каникулга (эмгек өргүү, шайлоочулар менен жолугушуу) чыгарын эске салып, мыйзам долбоорлор көп экенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин сессиясы 26-июнда аяктайт.
Булак: koom.press