Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 259
Министрлер кабинети мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды (фото) КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Президентинин Администрациясында Министрлер Кабинетинин мамлекеттик сыйлыктарын жана Ардак грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасы-президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тарабынан аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда эрдик, туруктуулук жана каармандык көрсөткөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргогондугу үчүн чек ара аскер кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды.

Андан соң төрага өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө зор салым кошкон жарандарга Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын тапшырды.

Өз ишине берилгендик жана жоопкерчилик менен ийгиликтерге жетишкен ар кыл кесиптердин жана тармактардын өкүлдөрү белгиленди.

«Ар бириңиздер өз эмгегиңиздер, эрдигиңиздер жана өлкөгө берилгендигиңиздер менен Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүнө салым кошуп жатасыздар. Биз сиздердин жетишкендиктериңиздер менен сыймыктанабыз, кесипкөйлүк жана жан үрөп эмгектенгеңиздер үчүн ыраазыбыз. Бул сыйлыктар — мамлекет жана эл тарабынан ыраазычылык белгиси», — деп баса белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Министрлер кабинети мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды (фото) КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктарыМинистрлер кабинети мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды (фото) КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктарыМинистрлер кабинети мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды (фото) КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары