Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 242

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 4-5-июнь күндөрү Тажикстандын Душанбе шаарына иш сапары менен барат. 

Иш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Отурумдун жүрүшүндө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, чечимдер кабыл алынат. 

Ошондой эле, эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөрү жана бир катар документтерге кол коюлары пландалууда.