Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 311

{{ item.title }}

Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин карамагындагы тышкы соода жана чет өлкөдөгү француз жарандары боюнча ыйгарым укуктуу министри Лоран Сен-Мартен расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди.

Делегацияны экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов тосуп алды.

Белгилей кетсек, Лоран Сен-Мартен жетектеген делегациянын курамында Франциянын бир катар алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү бар.

Иш сапардын алкагында соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулоо жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча бир катар жолугушуулар пландалган.