Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 195

Кыдырбаев Улан Орозбекович Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун жаңы орун басары болуп дайындалды.

Агенттиктен билдиришкендей, бүгүн жаңы орун басарды эмгек жамаатына президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды. Ал Улан Кыдырбаев дене тарбия жана спорт тармагында кеңири тажрыйбага ээ экенин белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү, массалык спортту колдоо жана кесиптик спортту илгерилетүү өлкөнүн артыкчылыктуу багыттары катары белгиленди.

Жаңы дайындалган орун басар ишке толук киришүүгө даяр экенин билдирип, дене тарбия жана спорт тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну уланта тургандыгын айтты.

Кыдырбаев Улан Орозобековичтин эмгек тажрыйбасы: