Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 313

 

{{ item.title }}

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтондо өткөн Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жазгы жолугушууларына катышуусун ийгиликтүү аяктады.

Иштин жыйынтыгы өлкөнүн экономикасынын негизги тармактарына инвестиция тартууга багытталган бир катар маанилүү келишимдерге кол коюу болду.

Чогулган каражаттардын жалпы көлөмү аймактарды өнүктүрүүгө, саламаттык сактоону модернизациялоого, таза сууга жетүүгө, кичи жана орто бизнести колдоого, билим берүү системасын жакшыртууга жана энергетикалык инфраструктураны жаңылоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Инвестициялардын жалпы көлөмү (өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу механизмин кошпогондо) 389,31 миллион АКШ долларын түзөт. Ири долбоорлор суу менен камсыздоо жана канализацияга, ошондой эле кичи жана орто бизнес үчүн каржы рыногун өнүктүрүүгө байланыштуу. Электр линияларын жана подстанцияларды курууга да бир кыйла каражаттар бөлүнгөн.

Кол коюлган келишимдерде каралган кызматташтыктын негизги багыттары:

Өзгөчө кырдаалдарга даярдык: Тез чара көрүү механизмин ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасына өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн ресурстарды тез арада мобилизациялоого мүмкүндүк берет.

«Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолу менен ишенимдүү бара жатат жана кол коюлган келишимдер биздин масштабдуу реформаларды ишке ашырууга болгон умтулуубуздун айкын далили болуп саналат.«Дүйнөлүк банк менен ЭВФтин жазгы жолугушууларында тартылган инвестициялар биздин максаттарыбызга жетүү үчүн ишенимдүү пайдубал болуп калат», - деп белгиледи минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев.