Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 346

Нурлан Жумаев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары - Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Нурлан Жумаевди жамаатка тааныштырды.

Нурлан Жумаев 1974-жылы туулган, эки жогорку билимдүү, Казак айыл чарба институтун, андан соң Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган. 

Токой чарбасы, айлана-чөйрөнү коргоо жана агроөнөр жай тармагында 30 жылга жакын тажрыйбага ээ.