Полковник Сокеев Курманбек Оруналиевич кайтаруу жана конвоирлөө департаментинин башчысы болуп дайындалды.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Чыңгыз Кожошев жаңы жетекчини өздүк курамга тааныштырды.
К.Сокеев 1974-жылы 11-августта Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган.
Жогорку аскердик атайын билими бар.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндөгү кызматын 1993-жылы баштаган.