Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 271

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Самарканд шаарына иш сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүү, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.

Кыргызстан жана Өзбекстандын лидерлери жалпы чакырыктарды натыйжалуу чечүү жана аймактык коопсуздукту бекемдөө үчүн ынак коңшулук, өз ара урматтоо жана конструктивдүү диалог принциптерин жактай тургандыгын ырасташты.