Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 5088


 6-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий музейинде болду.

Мамлекет башчысы экспонаттарды карап чыккандан кийин бул музей ири регионалдык музейлердин бири экендигин жана ал башка мындай мекемелер үчүн үлгү боло ала тургандыгын белгиледи. Буга байланыштуу Президент музейдин менеджери Кеңешкан Ысмановага регионалдык музейлерди өнүктүрүү стратегиясы туурасында аналитикалык сунуштарын берүүнү тапшырды.

К.Ысманова мамлекет башчысына облустун ар бир районунда музейлер иштеп жаткандыгын жана алардын сегизи Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий музейинин филиалдары экендигин маалымдады.

Мамлекет башчысы Ысык-Көлдө манасчылардын фестивалын өткөрүү жана музейдин базасында өлкөнүн чыгаан инсандары жөнүндө тематикалык көргөзмөлөрдү уюштуруу демилгесин көтөрдү.

«Музейлер – тарыхыбыз сакталчу жерлер десек болот, ошондуктан, биз аларга өзгөчө камкордук менен мамиле кылышыбыз керек. Музейлерибизге кызыккан туристтердин саны арбыса, жалпы эле региондун өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет деп ойлойм”, - деди Р.Отунбаева.

Президент чет элдик туристтерге ыңгайлуу болушу үчүн музейдеги аталыштардын, жазуулардын бардыгын англис тилине которуунун зарылдыгын белгиледи.

4 жаштагы Үмүт Дөөлөтов “Манастан” үзүндү айтып бергенине ыраазы болгон мамлекет башчысы “Тарыхын билген жана улуу китептен таалим алып жаткан ушундай таланттуу балдарыбыз өсүп жатканы кубанычтуу”, - деп белгиледи.

Иш-чаранын аягында Президент музейдин ардактуу конокторунун китебине каалоо-тилектерин жазып калтырды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы