Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 269

Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, мамлекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Ошондой эле алдыдагы эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чаралардын графиги каралды.