Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 155

Кыргызстан Алтын-Мазар жайлоосун тажик тарапка өткөрүп берген деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстан Алтын-Мазарды Тажикстанга берген деген чындыкка дал келбеген кеп эл арасында жүрүп жатат.

“Кайда болбосун мени урушуп, жерибизди берип койдуң деп айыптап жатышат. Бул туура эмес. Алтын-Мазарды эч кимге берген жокпуз. Бул биздин жер жана өзүбүздө эле калат. Чындыкка дал келбеген кептер бирөөлөрдүн ойлоп тапкан орунсуз ойлору”, — деди ал.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо маселеси каралууда.

Булак: 7 канал