Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 235

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга расмий сапары менен барды.

МинКаб Төрагасынын борту Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиевди Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды.

Аэропортто эки мамлекеттин желектери илинип, ошондой эле ардакдуу кароол тизилген.

Расмий сапарынын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, ошондой эле Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугат.

Мындан тышкары, бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиевдин Министрлер Кабинетинин төрагасы болуп дайылдалгандан бери чет мамлекетке биринчи расмий сапары.