Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 344

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин Кыргызстанда россиялык ишкерлерге басым жасалып жатканы, мамлекеттик органдардын жетекчилиги негизсиз дооматтарды коюп жатканы тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди.

Мишустин КР Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен 31-январда Казакстанда жолуккан. «Өлкө жетекчилиги деп Мишустин мырза туура эмес айтып алды, ал эми опузалоо деп одоно туура эмес айтты. Чарбалык иштерге саясий боек берилип кетти десек болот. Бул көрүнүш Михаил Мишустиндин колунда обьективдүү маалыматтын жоктугунан болушу мүмкүн.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой өлкө жетекчилиги тескерисинче бардык тармакта коррупциялык сехмаларды жоюу, ачыктыкты камсыздоо багытында олуттуу иштерди, реформаларды жасоодо жана бардык мамлекеттик органдардан ушуну талап кылууда.

Бул өтө принципиалдуу маселе. Мунун айкын мисалын бажыдан көрсөк болот. Бажы өнүмдөрүнөн 2016-жылы ЕАЭБдин (Евразия экономикалык биримдиги) жалпы казынасына 12 миллиард 244 млн сом төксөк, кайра ал жактан 13 миллиард 94 миллион сом алганбыз.

2017-жылы бажы өнүмдөрүнөн ЕАЭБдин жалпы казынасына 12 миллиард 515 миллион сом төксөк, ошол жылы жалпы казынадан 15 миллиард 358 миллион сом бизге беришкен. Ал эми 2022-жылы 20 миллиард 506 миллион сом төгүп, кайра 16 миллиард 242 миллион сом алганбыз. 2023-жылы ЕАЭБдин жалпы казынасына 50 миллиард 932 миллион сом төгүп, кайра бул казынадан бизге 25 миллиард 481 миллион сом берилген. Башкача айтканда 2022-жылдан тартып бажы өнүмдөрүнөн чогулган каражатты көп төгүп жалпы бөлүштүрүүдө эки эсе аз ала баштадык.

Бул Кыргызстандын бажы тармагында коррупциялык схемалардын жоюлушунун аркасынан болууда. Өлкөбүздүн салык тутумунда дагы ушундай эле иштер жүрүүдө. Фискалдык саясаттын жакшыртылышынын аркасында салыктарды чогултуу жылдан-жылга өсүүдө. 2020-жылы 62 миллиард 958 миллион сом чогултулган болсо, 2023-жылы 296 миллиард сом салыктан түштү. 2024-жылы бул көрсөткүч 342 млрд сомду түздү. Бизде тигинин компаниясы экен, мунун компаниясы экен деген түшүнүк жок.

Өзүбүздүн өлкөнүн салык төлөөчүлөрү, же башка чоң мамлекеттин, же башка кичине мамлекеттики, же чоң державаныкы экен деген да бөлүү жок. Бардыгына мыйзамда көрсөтүлгөн нормалары менен салыктар чегерилет жана бардыгы эле ошо менен салыктарын төлөп келе жатышат.

Мыйзам бардыгына бирдей, ал эми салык төлөө бул ыйык милдет. Төлөбөгөндөрү, атайылап салыкты жашыруу аракеттери болсо улуттук мыйзамдарыбыздын чегинде тийиштүү органдар иш алып барышат. Россияда да бул ыйык эреже өкүм сүрөт.

Михаил Владимирович Россиядагы эң ийгиликтүү салык реформасынын “атасы” катары муну жакшы түшүнөт деп ойлойм. Эң негизгиси, эгерде кайсыл бир салык төлөөчү субьект салык органдары тарабынан колдонулган талаптар менен макул болбосо, эл аралык стандарттарга жараша өз укугун коргоо механизимдеринин бардык шарттары бар. Ал салык органынын апелляциясы жана сот органдарына кайрылуу укугу.

Андыктан, бул кадимки эле чарбалык иш жана ал эки өлкөнүн стратегиялык деңгээлдеги мамилелерине таасир этпеши керек деп эсептейм. Кыргызстанда сырткы инвесторлорго жана ишкерлерге бардык мыйзамдуу шарттар түзүлгөн, кимдир бирөөнө артыкчылык берилүүсү мүмкүн эмес. Ошондуктан бул маселенин мындай жогорку деңгээлге саясатташып кетиши одоно болуп калды», - деди Шыкмаматов.

Булак: Баракелде