Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 424

Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Digital Almaty форумунун пленардык жыйынында билдирди.

Анын кебинин урунттуу учурлары:

Россия бүт өлкөнү, анын ичинде Арктиканы ылдам интернет менен камсыздоого шарт түзүү үчүн 2026-жылы төрт спутник учурат;

РФ тиричиликте колдонулган дрондорду көп чыгара баштайт;

Россияда маалыматтарды талдаган коммерциялык борборлордун кубаттуулугу эки эсе өсүп, жүктөм 90 пайызга жетти;

былтыр РФте санариптик платформа жана маркетплейстердин рыногу 40 пайызга өстү;

2030-жылга чейин Россиядагы ишканалардын 80 пайызы жергиликтүү программалык камсыздоого өтүшү керек. Учурда өлкөдөгү дата-борборлордун жарымынан көбүнүн сервери жергиликтүү өндүрүш болуп эсептелет.

"Биз микроэлектроника өндүрүшүн кеңейтүү, кванттык компьютердин кубаттуулугун жогорулатуу жана кванттык тармактардын узундугун арттыруу сыяктуу стратегиялык максаттарды алдыбызга коюп жатабыз", – деди Мишустин.

Булак: Спутник