Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 310

Евразиялык экономикалык биримдиктин кийинки өкмөттөр аралык жыйыны Кыргызстанда болот. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев билдирди.

Анын айтымында, жыйын Чолпон-Ата шаарында август айында өтөт.

Учурда Казакстандын Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүүдө. Ага удаалаш эле жыл сайын өтүүчү Digital Almaty-2025 санариптик форуму болду. Бул иш-чараларга министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышууда.

Булак: Спутник