Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 380

Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевди кар күрөсүн деп парламент жыйынын эрте бүтүрүштү.

“Төрага, депутаттар, саат 12.50дө чечимге өтсөк. Кар да жаап жатат, мэрди жибербейлиби, барып карды күрөсүн”, — деди Балбак Түлөбаев ЖКда ыш, тыгын көгөйү талкууланып жаткан учурда.

Ал эми төрага сунушту добушка коюп, депутаттар аны колдоп беришти.

Белгилей кетсек, бүгүн Депутаттар ыш менен байланышкан абалды, Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында унаа тыгындарын жоюу чараларын талкуулашты. Жыйынга Бишкек мэри Айбек Жунушалиев да келип, депуттардын суроолоруна жооп берди.

Булак: koom.press