"Айбек Жанышбекович, өзүңүздүн креслоңузду канчалык баалайсыз? Бүгүн болсо АКШ президентинин сүйүктүү түсүндөгү галстук тагып келипсиз". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Гуля Кожокулова айтты.
“Жол тыгын, башаламан курулуштар, экология көйгөлөрү, толтура. Мен бир дагы чечимди көрбөй жатам. Буга чейинки мэрлердин бирин “дровосек” деп аташчу. Сизди кантип атайт болду экен? Тамыры чирип калды деп кыйып жаткан теректердин 80%ы соо болчу, көйгөйлөр мурунку эле, алардын себептери да анык. Бирок бир дагы чечилген маселени көрбөй жатабыз. Ишиңизди аткара албай жатсаңыз, анда кызматыңызды бирөөгө өткөрүп бересиз... ”, — деди депутат.
Ал эми мэр Айбек Жунушалиев анын галстугунун түсү ишине тиешеси жоктугун, бул маселени башка жерден түшүндүрүп берерин айтты.
Булак: koom.press