Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында унаа тыгындарын жоюу чараларын талкуулап жатат. Талкуу учурунда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жол тыгындарды азайтуу үчүн жолдорду кеңейтпей, тескерисинче кичирейтүү керек деген сунушун айтты.
"Европалардан автотыгынды азайтуунун бир жолу катары ошол унаа жолдорун кичирейтет. Анан автоунаа менен жүргөн ыңгайсыз болуп, баардыгы жөө жүрүшөт. А бизде жолду кеңейте беребиз, тескерисинче баардыгына автоунаа менен жүргөнгө шарт түзүп берип жатабыз да. Ошон үчүн жолдорду кичирейтиш керек",-деди төрага.
Булак: koom.press