-"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушуна биздин айрым стратегиялык өнөктөш мамлекеттер салкын көз карашта болчу. Негизинен геосаясат жана таасир этүүнүн рычагы катары карап келишкен. Болбосо, бул долбоор 2000-жылдардан бери эле күн тартибине коюлуп келет. Активдүү иш пландар 2010-2016- жылдарга туура келип, бирок негизги көйгөй темир жолдун стандарты Кытайдыкыбы же, Россияныкы болобу дегенге келип такалган. Чынын айтыш керек, бул ири долбоор жана келечектүү. Азыркы дүйнөдө болуп жаткан процесстерден улам бул долбоор башка өнөктөш мамлекеттер үчүн актуалдуулугун жоготуп, бирок, биз үчүн ийгилик алып келчү иш чара. Билишимче долбоордун баасы 5 млрд доллар. Биздин үлүштүн суммасы. Эгер, тез арада ишке кирип кетсе, анда сөзсүз мамлекет үчүн пайда болот. Транспорттук көз карандылыктан кутулуу чоң олжо. Дүйнөдө эң арзан логистика бул кеме жана темир жол. Демек, бул мамлекет үчүн экономикалык приоритет!