Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо билдирди.
Бүгүн парламентте фамилия алууда кеңири тандоо укугун берүүнү сунуштаган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Аны талкуулоо учурунда депутат Исхак Масалиев "аталган мыйзам долбоору боюнча фамилияны өзгөртсө бардык документтерди алмаштыруу зарылбы" деген суроо узатты.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси Мирлан Самыйкожо өзүнүн мисалын келтирип жолун түшүндүрдү.
"Мурда Турдумамбетов Мирлан Самыйкожоевич болчумун. Кийин Самыйкожо уулу Мирлан болдум. Ошондо туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алмаштырууга туура келген. Аты-жөнүн өзгөрткөндүгү тууралуу атайын күбөлүк берилет. Бул күбөлүк жарандын бардык документтерине тиркелет. Ал документте адамдын мурунку аты-жөнү жана жаңы аты-жөнү көрсөтүлөт", — деди депутат.
Ал эми Масалиев СССР учурунда бардык документтер алмаштырылганын айтканын белгиледи. Бирок, Самыйкожонун айтымында, азыр андай зарылдык жок.