Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 286

Быйыл курулуш тармагына лицензия берүүдөн бюджетке 70 миллион сом түштү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2024

Анын айтымында, лицензия берүү жөнөкөйлөштүрүлүп, талап кылынуучу документтердин саны 23төн 6га чейин кыскарган.

"Лицензиялардын мамлекеттик төлөмдөрү мурда 1000 сом болсо, азыр 150 миң сомдон 1,5 миллион сомго чейин көтөрүлдү. Бул өзгөртүүлөр коррупциялык элементтерди жоюп, 2024-жылы бюджетке 70 миллион сом түшүшүнө шарт түздү. 2023-жылы болгону 520 миң сом түшкөн. Ошондой эле мамлекеттик жөнгө салуу күчөтүлүп, 2023-жылы эки лицензия токтотулса, 2024-жылы 609 лицензия токтотулду", — деди Орунтаев.

Ошондой эле ал жаңы жылдан тарта лицензия кагаз түрүндө берилбесин айтып, иш толугу менен электрондук вариантка өтөрүн кошумчалады.

Булак: Спутник