Мамлекеттик салык кызматынын жаңы дайындалган жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов ЭТТН толук анализденбей киргизилгендигин тастыктап, ага жооптуу болгон адамдарды аныктап бере аларын айтты.
“Ким жасады, кантип жасады. Популизм деген эмне? Куру аяк мактанабыз деген эмне? Экономика кантип өсөт, салыкты көбөйтүп туруп аны экономика өстү деп койгон болбойт. Экономика өскөндө эл да байыйт, бюджет да көбөйөт. Элин кыйнап туруп бюджетти өстүргөн экономика эмес!” — деди Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов .