Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 760

Бүгүн Элдик курултайдын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Батыш каржылаган өкмөттүк эмес уюмдар жана ЖМКлар чоң суммадагы каражаттарды алышып, өздөрүнүн грант берүүчүлөрүнө “кооз” отчётторду берип жатышканын айтты. 

“Ачыгын айтканда, алар жалган маалыматтарды таратуу менен жалаа жаап, терс көрүнүштөрдү гана издешет. Мисалы, жеке мени же командамды кемчиликтер болсо, сындай бергиле. Бирок, мамлекетти жамандабагыла! Жашап жаткан өлкөңөр үчүн күйсөңөр буга барбайт эленер. Өлкөңөрдү бир аз сүйүп койгулачы!

Бул каражаттарды берип жаткан уюмдарга кайрылат элем. Эгерде силер акчаны кайда коротууну билбей жатсаңар, анда түз эле бизге бергиле, биз аны даректерине жеткиребиз. Журналистиканы жогорку деңгээлге көтөрүү керек болуп жатса, анда көтөрөбүз. Керек болсо сөз эркиндигин толук камсыздап беребиз. Силердин акчаңарды натыйжалуу пайдаланып, отчётун көрсөтөбүз, алдабайбыз", — деди С.Жапаров.

Ошондой эле, ажо “Кактус-медиа”, “Политклиника”, “Говори ТВ” ж.б. ЖМКлар Батыштан канча каржы алганын ачыктады. “Арасында АКШ элчилиги дагы каражат бериптир. Элчилик мындай иштер менен алектенбеши керек”,- деди президент.

 Аталган Батыштын каржылоосу менен иш алып барган ЖМКларга курултайда сөз сүйлөө укугу берилип, чакырылганына карабастан, келбей коюшканын да ажо белгилеп өттү. “Анан бизде сөз эркиндиги жок деп кыйкырып жүрүшөт”,- деди Садыр Жапаров.