Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 491

Жакында Европа парламенти КРдагы адам укуктары жаатындагы абал жана “Социал демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун шайлоочулардын добушун сатып алуу иши боюнча кармалышы тууралуу резолюция кабыл алган.

Буга бүгүн президент С.Жапаров курултайдын жүрүшүндө комментаиий берди.

«Бул резолюция боюнча Европарламенттин Франциядагы мүчөсү Тьерри Мариани туура оюн айтты. 

Ал Европа парламенти Кыргызстандан миңдеген чакырым алыста туруп, эч бир далили жок эле кантип резолюция кабыл алып жатканын түшүнбөгөнүн билдирди. Партиянын добуш сатып алганы белгилүү болуптур, биз анан алардын башынан сылашыбыз керекпи? Бизде үч революция болду, анын баары шайлоолор акыйкатсыз өткөнү үчүн болгон да. Силер биздин өлкөнүн кандай экенин элестете да албайсыңар, келип көрүп кеткиле, бизде баары ачык-айкын. Биз көз карандысыз мамлекетпиз, ошондуктан ички иштерибизге кийлигишпегиле", — деди Жапаров.