Уфа шаарында өтүп жаткан Эл аралык бизнес жумалыгынын алкагында, "Саясат.kg" маалымат-аналитикалык порталынын башкы редактору Нургазы Анаркулов Башкырстан Республикасынын премьер-министринин милдетин убактылуу аткаруучу Андрей Назаров менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгы боюнча маселелерди талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстан менен Башкырстандын соода-экономикалык кызматташтыгынын мүмкүн болчу багыттарына бурулду. Анын ичинде Кыргызстанга машина курууга керектелчү жана химиялык продукцияларды, ал эми Башкырстанга текстиль жана жашылча-жемиш продукцияларын жеткирүү тууралуу сөз болду.
Бүгүнкү күндө өлкөлөр арасындагы билим берүү жана маалыматтык өнөктөштүккө чоң көңүл бурулуп жатат. Учурда Башкырстанда Кыргызстандан келген студенттерди өлкөдөгү жогорку окуу жайларында окутуу уюштурулган, келечекте жогорку окуу жайлар аралык байланышты кеңейтүү пландалууда. Башкырстандын премьер-министринин милдетин убактылуу аткаруучу Жогорку окуу жайлар аралык студенттик кампустун курулуп жатканы студенттерди алмашууга жана илим, билим жаатындагы кызматташтыкка жаңы күч берет деп эсептейт.
Андрей Назаров менен Нургазы Анаркулов ошондой эле Кыргызстандан Башкырстанга эмгек миграциясын оптимизациялоо темасына токтолушту. Келечекте мындан да тыгыз байланышты түзүү максатында тараптар Башкырстандан делегациянын Кыргызстанга болчу иш сапарынын мүмкүнчүлүгүн карашты.

