Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 892

Кыргыздын ыйы, үнү Кудайга жеткен экен. СССР чачырап, туш тарапка тентип, мигрант болуп, 70 жыл топтолгон мамлекеттин мүлкүн чөөлөр талап, ошолор байып, ошолор бийликти ээлеп, 30 жыл мамлекеттин тагдыры менен ойноп, билгенин кылышты. Келген президенттер шайлоодон-шайлоого элди сооротуп жашап, казынага түшө турган акчаны уурдап, аны шайлоодо кайра элге себелеп добуш сатып алып, жыйынтыгында мамлекет өнүкпөй эле итке минген кедейчиликке туш болду. Кедей мамлекеттин чиновниктери чириген байларга айланды. Өндүрүш жок, ГЭСтер эскирип, окуучулар чатыр менен вагондо окуп, аскерлердин кийими жыртык, куралы жок, жолдор тешилген, техникалар жарактан чыккан, кен-байлыгы чет элдиктерге таланган мамлекет 2020-жылдагы ковидде такыр эле жок болуп кетүү коркунучуна жеткен. 

Кудай кыргызга боору ооруду окшойт, элдин бактысына ЭКИ ДОСту жиберди. 

Чет элдиктерге кеткен кен байлыкты кайтарды, ГЭСТерди куруп, теңникаларды жаңыртып, аэропортторду салып, вертолет-самолетторду, байрактарды, аскердик техникаларды, автобустарды, атайын техникаларды арты-артынан сатып алып, экономиканы 3,5 жылда 3 эсе көтөрүп койду. Быйыл 100дөн ашык ишкананы ачты. Өзбекстан менен чек араны чечти, Тажикстан менен чек ара дагы эң акыркы чегине келди, Кудай буюрса бул дагы чечилди. 

Мурдагылар ушунчалык кайдыгер болгон экен, чек арасы ачык, андан баңги заттар өтүп, президент, премьер-министрлери баш болуп ууру-корруционерлерге, ОПГшниктерге ырыскылаш болуп кетишкен. “Чек араны бизден кийин келгендер чечет, биз эптеп президенттик мөөнөттү тынч өткөрсөк болду, байып алып качып кетебиз”-деп жашаган экен да.

Мына ЭКИ ДОС эмне чечкиндүү экен, баштарын канжыгага байлап алып ЫЙЫК МЕКЕНИБИЗДИ уурулардан, бандиттерден, душмандардан тазалап салышты. Мына эми 30 жыл чечилбеген чек араны чечип коюшту. Кудай ушундай жакшылыгыбызды кут кылсын!

Исмат Бегжанов