Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1084

Бүгүн, 2-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Кытай Эл Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды. 

Алгач Төрага тажрыйбалуу элчи катары кыргыз-кытай кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүүгө көмөктөшкөнү үчүн Ду Дэвэнге ыраазычылык билдирип: “Сиз 5 жылдан ашуун Кыргызстанда элчи болуп эмгектенип, мамлекеттер аралык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга салым коштуңуз. Анын ичинен узак жылдардан бери айтылып, бирок ишке ашпай келген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталып, ири долбоор ишке ашканы турат. Кылым курулушу аталган бул долбоордун салынышы аталган үч өлкө үчүн эле эмес, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери үчүн пайдалуу болору анык”, – деди.

Ошондой эле чек арадагы өткөрмө жайлардын иши тууралуу да сөз кылган Төрага, анын ичинен “Бедел” өткөрмө пунктунун ачылышы соода байланышын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады. 

Тагыраагы, жолугушууда экономикалык байланыштар тууралуу да сөз болуп, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүү жаатындагы аракеттер талкууланды.

“Азыркы тапта Кыргызстан менен Кытай бардык тармактар боюнча кызматташып, энергетика, инфраструктура, өндүрүш өңдүү багыттарда биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып келебиз. Жакын коңшу жана стратегиялык өнөктөш өлкө катары калыптанган алакаларды дагы өнүктүрүп, жетишилген келишимдерди мындан ары да ийгиликтүү ишке ашырууга кызыкдарбыз. Албетте мында парламенттик дипломатиянын ролу өтө чоң. Алсак, сентябрь айында Бээжинге расмий сапар менен барып, аталган багыттагы кызматташтыкты кеңейтүүгө арналган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик. Иш сапарды жогорку деңгээлде уюштурууга көмөктөшкөнүңүз үчүн да ыраазычылык билдирем”, – деди Нурланбек Шакиев.

Муну менен катар элчинин мындан аркы ишине ийгиликтерди каалаган Төрага: “Кытай биздин негизги өнөктөшүбүз. Эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин достугун чыңдоодо сиздей тажрыйбалуу элчилердин салымы чоң”, – деди.

Ал эми Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Ду Дэвэнь Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында аткарылган иштер жана долбоорлор тууралуу сөз кылып: “Кытай Эл Республикасы Кыргызстан менен кызматташыкка өзгөчө маани берет. Элчилер алмашканы менен калыптанган достук алака үзгүлтүксүз уланат. Алдыда “Бир алкак – бир жол” долбоорунун жана башка эки тараптуу келишимдердин алкагында чоң пландар, ири иш-чаралар мерчемделген. Алардын бардыгы ийгиликтүү ишке ашат деген толук ишеничтемин”, – деди.

Мындан сырткары, элчи айым да мамлекеттер аралык мамилелерде парламенттин ролу чоң экенине токтолуп: “Жогорку Кеңеш бардык долбоорлорду колдоого алып, элчилик ишмердүүлүгүмө чоң жардам бердиңиздер. Бул үчүн ыраазычылык билдирем. Эгер парламенттик колдоо болбосо, мамлекеттер аралык мамилелерди бекемдөөгө, биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүн эмес”, – деди. 

Эскерте кетсек, Ду Дэвэнь 2019-жылдын март айында Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.