Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 279

Азербайжандын президентин “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Ильхам Алиев Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи саммитине катышуу үчүн келди.

Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Азербайжандын, Казакстандын, Кыргыстандын, Түркиянын жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.