Депутат Элмурза Сатыбалдиев ден соолугуна байланыштуу «Мекенчил» депутаттык тобунун лидерлигин тапшырып берди. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди. Сатыбалдиев Өзгөн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган. Ал «Мекенчил» депутаттык тобун эки жылдан ашык жетектеди.