Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 539

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин кезектеги коллегиялык жыйынында айтылды.

Ведомстводон билдиришкендей, отурумдун жүрүшүндө өлкөнүн көп векторлуу тышкы саясатын ишке ашыруудагы актуалдуу маселелер, анын ичинде 2025-жылы Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук келишим уюму жана Түрк мамлекеттери уюмунда боло турган төрагалыгынын приоритеттүү багыттары талкууланды. Анын алкагында даярдык көрүү иш-чараларына өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, коллегиянын мүчөлөрү Кыргызстанды талапкерлигин эл аралык уюмдардын алкагында алдыга жылдыруу маселесин карашты.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча коллегиянын төрагасы, министр Жээнбек Кулубаев тарабынан бир катар тапшырмалар берилди.