Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 586

Мындай билдирүүнү Акылбек Жапаров кечээ, 17-октябрда, министрлер кабинетинин жыйынында жасады.

Министрлер кабинети 9 айдын жыйынтыгы боюнча Акылбек Жапаров ички дүң продукциянын өсүшү 108,4 пайыз экенин билдирди.

"Биз "Ак илбирстин секириги" программасын сунуштаганбыз, ага ылайык 2030-жылга чейин, биздин эсептөөлөр боюнча 2029-жылга чейин, 1 триллион сомдук бюджетке жетебиз. Ал үчүн жыл сайын 10-12 пайызга өсүш керек. Азыр 10 пайызга жакындап калдык", — деди кабмин төрагасы.

Министрлер кабинетинен маалымдагандай, продукцияга таза салык былтыркы жылы 103,1 пайызды түзсө, быйыл 108,9 пайызга аткарылган.

Булак: Спутник