Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 362

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Исламабад шаарына барды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф жана Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цян менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле минкаб башчысы 16-октябрда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 23-жыйынына катышат.