Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 476

Президент Садыр Жапаров 7-8-октябрда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россиянын Москва шаарына барат.

Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында Россияда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйынынын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

КМШнын бул саммитине Шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө”, - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.