- 2010-жылы кабыл алынган Башмыйзам менен кете бергенде мамлекет жок болмок экен. Мен далилдер менен айтып берейин:
Ошондо эле жазып жаттык, “Парламенттик башкаруу” болгону менен, бийлик президенттин колунда калган болчу.
Өкмөт курамын фракциялар бөлүп алып, ар ким өз энчисине тийген министрликтерге сапатына карабай кишилерин алып келген.
Премьер-министр командасын башкара алган эмес, министрлер Өкмөт башчыга эмес фракцияларга көз каранды болушкан.
Мамлекеттеги чечимдер үчүн эч ким жоопкерчилик алган эмес. Президент парламентке, парламент Өкмөткө шылтап, элдин тагдыры футболдун тобундай ары-бери ыргытылган. Элди мамлекетти ойлогон эч ким болгон эмес. Фракциялар министрликтерди талашып, ага кайсы адамдарды алып барабыз деген аракет менен эле алек болушкан. Талаш-тартыш, күндө митинг, стабилдүүлүк жок, элдин бийликтен үмүтү үзүлүп калган. Бүт жерде коррупция, аны кой деген кожоюн жок.
10 жыл аралыгында кеткен кемчиликтер үчүн кимди даректүү күнөөлөй алабыз? Эч ким жоопкерчиликти алган эмес. Мына ушундай арамза система мамлекетти биротоло жок кылууга алып бармак экен.
2020-жылы Башмыйзамды кайра алмаштыруу демилгеси көтөрүлгөндө эски саясатчынын баары “бийлик бир кишинин колунда калат, Түркмөнстан болуп калабыз”- деп коркунучтуу сөздөрдү айтып, элди көкүтүп каршы чыгышкан.
Азыркы система кандай? Аткаруу бийлигинин башында Президент өзү туруп, жоопкерчилик президенттин колунда. Министрлер Кабинети менен Президенттин Администрациясын бир адам башкарат. Команда иреттүү иштейт, натыйжаларды көрүп жатабыз.
30 жыл мамлекет кайтарып ала албаган “Кумтөр” кыргыз элине кайтарылды. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу башталды. “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушуна кириштик. Мындан тышкары 50дөй чакан ГЭСтер курулуп жатат. 2010-жылдан 2020-жылга чейин бир дагы ГЭС курушкан эмес. Жыл сайын жүздөгөн социалдык обьектилер бүтүүдө. Быйыл бир жылда эле 100 өндүрүштүк ишкана ачылып, четинен ишке берилүүдө. Алынган техникаларды санагандан адашып калдык. Самолет, вертолет, автобус, аскердик техникалар! Ал эми мык чыгара албаган Кыргызстан – эми унааларды чыгарууга жетип калды.
Мына ушунун баары туура башкаруу, системдүү бийлик жүргүзүүнүн натыйжасы.
Эми үч жыл мурда “түндүк Корея болуп калабыз”-деп оозунан шилекей чачыратып жамандагандар азыр эмне кылып жатышты экен? Унчукпай, тымпыйып, жакшы иштерди дагы айтып койгонго жарабай отурушат. Эгер парламенттик башкаруу деген жол менен кеткенде, азыр мамлекетти жок кылып алмак экенбиз. Алар эмне кылышты?
Алар клан-клан, коалиция болуп алып мамлекетти каалагандай талап, уурдап, бийликти бөлүп алып жыргашкан. Башка эч нерсе кылган эмес, жада калса тиш чукугуч чыгарган завод ачалбай, тескерисинче, мамлекеттин болгон мыдырын 3кө бөлүп, бир тарабын өздөрүнө, бир тарабын криминалдарга, бир тарабын коррупционерлерге энчилеп келгенин тарых тактап турбайбы!