Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 216

Үстүбүздөгү жылы 6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтөт. Бул тууралуу Нью-Йорк шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин салттуу бейформал жыйынында белгилүү болду.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жыйын БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өткөн.

"Отурумдун жүрүшүндө тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилери ТМУнун күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты. Негизги көңүл үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында Бишкекте өтө турган кезектеги ТМУ саммитине даярдык көрүүгө бурулду", - деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө тараптарды алдыдагы Бишкек саммитинин күн тартибинде кабыл алына турган бардык документтерди ыкчам түрдө алдыга жылдырууга жана макулдашууга чакырды.

Кабар