Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 295

Өлкөдө конструктивдүү оппозициянын болгону жакшы. Ал өлкөнүн өнүгүүсүнө, кемчилик, катачылыктарды көрүүгө керек. Демократиялуу өлкөдө оппозиция болбосо, анын эмнеси демократия, сөз эркиндиги?

Бирок бийликтен кеткендердин жактоочулары, мыйзамдын кылтагына илингендер, кызматты эңсеп, ага жетпей жүргөндөр оппозицияга айланышканда, жакшы иштерди, жетишкендиктерди, өнүгүүлөрдү такыр эле көрбөй калышат тура. Жакшыдан деле жамандык издешет, же жакшы иштер толуп турса, алар тууралуу бир ооз ачканга жарашпай, күндүз чырак менен ийне издегендей эле жакшыдан жалаң жамандык издешет экен...

Тилекке каршы, кесиптешибиз Лейла Саралаева ошондой оппозицияга айланды. Кумир, идеал туткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенден бери “маанайы” жок. Атамбаев президент кезинде анын оозунан чыккан сөздөрүн, чечимдерин, кадамдарын ой-да жетишкендик, өнүгүү катары сыпаттап келген болсо, бүгүнкү бийликтин ишмердигинен дегеле жакшы иштерди көрбөй койду. Же көрсө да көрмөксөн, көргөнгө позициясы жол бербейт окшобойбу... Анын ишениминде Атамбаевден өткөн, андан мыкты иштеген ажо болгон эмес. 
Өлкөдө коррупция, мыйзамсыздык менен күрөшүү, бюджетти толтуруу, мыйзамсыз менчиктештирилгендерди кайтаруу, социалдык курулуштарды жүргүзүү  ж.б. багытында көптөгөн жакшы иштердин бирин да сөз кыла элек. Болбосо, Лейла айым өзүн нейтралдуулукту сактаган, “”центристтик” позицияны карманган, акты ак, караны кара деп жазган журналист катары көрсөткөндү жакшы көрөт. А бирок... Тилекке каршы, андай эместигине күбө болуп келатабыз...

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Портерди айдатып, Жалал-Абад шаарын кыдырганынын мисалында анын ишмердигин сынга алыптыр. “Пиарды жакшы көрөт, күч түзүмдөрүнүн үстүнөн чоң болуп алды, коррупционерлерди кармап, камап атат, алары кайра чыгып атат” ж.б. нерселерди айтыптыр. “Суу кечпес” сындар, ачык эле “жумурткадан кыр издөөчүлүк”, “бөйрөктөн шыйрак чыгаруучулук”... Башка эч нерсени көрө албадым. 
Чындап келгенде, бүгүн Камчыбек Ташиев пиарга, хайпка дегеле  муктаж эмес. Анысы жок эле корруция, мыйзамсыздык  багытында болуп көрбөгөндөй иштер аткарылууда. Лейла айым эмне үчүн бул багытта бир ооз  сөз кылганга   жарабайт? Эмнеге ондогон мыйзамсыз менчиктелген объекттер, жерлер тууралуу айтпайт? Эмнеге уурдалган миллиондогон долларлар мамбюджетке түшүрүлүп жатканы  тууралуу айтпайт? Эмнеге криминалга сокку урулуп, коомубуз, мамлекетибиз бандит, УКТлардан тазаланып жатканын айтпайт?  Бул иштердин жанында пиардын эч кандай мааниси деле жок да. Ушундай иштер болуп атса, буларды көрбөй, Ташиевдин Портерге түшкөнүн гана көргөнүнө жол болсун!
Лейла айымдын ою боюнча абал өзгөрбөшү керек беле? Мамлекеттин казынасына кол салгандар, коррупционерлер мурдагыдай эле уурдап, мыйзамсыз менчиктештирүүлөр уланып, жогорку бийликтегилер алар менен табакташ болуп, мамлекетибиз туш тараптан таланып-тонолуп, сазга бата бериши  керек беле? Кыязы, Лейла айым үчүн өлкөдөгү ушундай абал жакчу окшойт. Гезитин кенен-кесири чыгарып, анысы үчүн очойгон акчаларды алып, жыргализм жашоонун кайтып келүүсүн каалап жаткан окшойт. 

Камчыбек Ташиевди күч түзүмдөрүнө чоңдук кылып алды дептир. Анын кызматы күч түзүмдөрүнө көзөмөлдүк кылганга, тескегенге  жол берет да. МинКабдын төрагасынын күч түзүмдөр боюнча орун басары экенин билбейби? 
Деги Лейла айымдын каалаганы эмне? Атамбаевдин кезиндеги криминал менен коррупциялык схемалар мамлекетти башкарып калган кезди сагынып атабы? Май талкан жашоосу бузулуп, замандын өзгөргөнү менен дагы деле макул болгусу келбей жүрөбү? Калеминде биртке болсо да акыйкаттык, калыстыгы болсо, өлкөдө болуп жаткан чоң өзгөрүүлөрдү, өнүгүү процесстерин, жакшы иштерди жазат эле. 

Эмне, эми Лейла айым  өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү көрүшү, аны жазышы үчүн бүгүнкү бийлик аны  Грузиядан  чакырып, баягы өзүнүн “Новые лица” гезитин чыгарттыра башташы керекпи? Ошондо гана өлкөдөгү өнүгүүлөрдү көрө баштайбы, ыя?

Булак: "Фейсбук"